Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Финпол: "Билайн" бюджетке келтирилген 112 миллион сомдук зыянды төлөдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

"Билайн" деген бренд менен таанымал "Скай Мобайл" уюлдук байланыш компаниясы бюджетке келтирген 112 миллиондон ашык сом зыянды төлөп берди. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы 1-мартта кабарлады.

2019-жылы ноябрь айында "Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомуна карата салыктарды төлөбөй коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Финполиция компания бюджетке 112 миллион сом чыгым келтиргенин аныктаган.

2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаев баштаган бир нече кызматкер, «Ала-ТВ» ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров, компаниянын дагы бир кызматкери Дмитрий Ветлугин жана башкалар айыпталууда.

"Скай Мобайл" Кыргызстанда 1998-жылдын 1-августунан бери иштеп келе жатат. Ал алгач "Бител" жоопкерчилиги чектелген коому деп катталган.

Компания GSM тутумундагы жана 4G форматындагы уюлдук байланыш менен калкты камсыздайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG