“Жаз жармаңкеси” деп аталган иш-чарада кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери, кол өнөрчүлүк жана зер буюмдар, улуттук үлгүдөгү кийим-кечелер көргөзмөгө жана сатыкка коюлат.
Мындан тышкары 8-мартка карата ушул эле жерде үй ичинде жана сыртта өстүрүлүүчү гүлдөрдүн да көргөзмө-жармаңкеси болот.
“Жаз жармаңкеси” Бишкектеги борбордук дүр-дүйнө дүкөнүндө, 1-марттан 8-мартка чейин өтөт. Иш-чараны башкалаадагы "Айчүрөк" соода-борбору уюштурууда. (ZKo)
Дагы караңыз