Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

Балдарынын метрикасындагы "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган Капалованын соту 4-мартка жылды


Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланыштуу соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда белгиленген.

Бирок судьянын жүйөлүү себептери болгонуна байланыштуу отурум 4-мартка белгиленди.

Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген.

Мамлекеттик каттоо кызматы Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Галина Аманова соттошуу тууралуу журналисттерге түшүндүрмө берди.

Анын сөзүнө караганда, 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымдашынча Кыргызстанда буга чейин балага мындай жол менен документ алуу учуру катталган эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG