"Реформа" саясий партиясынын съездинин күн тартибине Бишкек шаардык кеңешке депутаттардын талапкерлигин көргөзүү болмокчу. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.
Аталган партия жергиликтүү кеңештерди шайлоого "Асман Ала-Тоо", "Адилеттүү Кыргызстан" партиялары менен чогуу барууну чечкен.
"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова 10-январда өткөн президенттик шайлоого да катышкан.
Андан мурда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да ат салышкан. (BCh)