Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

"Талибан" өз мүчөлөрүн чет элдик жоочуларды азгырып, жашыруудан алыс болууга чакырды


"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. 6-февраль, 2021-жыл.
"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. 6-февраль, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы өз мүчөлөрүн чет элдик жоочуларды азгырып, жашыруудан алыс болууга чакырды.

«Бардык жетекчилерди жана можахеддерди чет элдик жарандарды өз катарына кошууга жана аларды жашыруудан алыс болууга чакырабыз»,-деп жазылат 23-февралда таратылган талибдердин билдирүүсүндө.

Ошондой эле «Талибан» кыймылы мындай аракетке баргандардын «жазасын аныктоо үчүн аскердик иштер боюнча комиссияга тапшырыларын» эскертти.

2020-жылдын февраль айында түзүлгөн АКШ менен талибдердин ортосундагы макулдашууга ылайык, бардык чет элдик күчтөр Ооганстандан быйыл майга чейин чыгып кетиши керек. Ал эми талибдер тынчтыкка кепилдик берип, "Аль-Каида" сыяктуу террордук топтор менен байланышын үзүп, чет элдик террорчуларды жашыруудан баш тартышы шарт эле.

Анткен менен Ооганстандын жана Кошмо Штаттардын расмий адамдары талибдерди террордук топтор менен байланыштарын үзбөй келгенин сынга алышкан. Куралдуу кыймыл мындай дооматтарды четке кагып келет.

Улуттар Уюмунун байкоочулар тобунун өткөн айда чыгарылган баяндамасына караганда, болжол менен Ооганстандын 11 провинциясында 200дөн 500гө чейин «Аль-Каиданын» согушкерлери бар.

22-февралда Катарда ооган менен талибдердин ортосунда башталган сүйлөшүү бир айлык тыныгуудан кийин кайра жанданды.

XS
SM
MD
LG