Кыргызстанда, айрыкча шаарларда, көпчүлүк жарандар тандырга жабылган май токочторду жакшы көрүшөт. Андыктан азыркы учурда наабайчылык эң керектүү кесиптин бири. Бишкектин өзүндө эле ондогон наабайкана ачылган. Биз алардын бирине баш багып, май токочтун кантип жасалаарына күбө болдук.
Май токоч жыттанган таң
Наабайчылык - байыркы, мурас катары атадан балага өтүп келген кесип.