Азаттык үналгысы

Асманы да корголгон аймак

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы

23-февраль, 2021-жыл

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү тоодогу жашыруун мамлекеттик эс алуу жайын гана эмес, долбоор тууралуу билген көптөгөн булактар менен сүйлөшүп, көз карандысыз активисттер таап чыккан маалыматтарга таянып, бул төркүнү белгисиз акчага салынган чоң курулуш менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы байланышты көрсөтөт.

Коруктагы жашыруун ак сарай

Ачык маалыматтарда Мирзиёевдин же анын администрациясынын эс алуу жайы менен байланышын көрсөткөн маалымат жокко эсе. Блокпосттор жана күзөтчүлөр тургандыктан ал жакка кирүү мүмкүн эмес.

Курулушта иштегендер жумушка келери менен телефондорун алып коюшканын айтып беришкен. Андыктан журналисттер Мирзиёевдин ал жерге барган сүрөтүн ачык булактардан таба алышкан жок. Ачыкка чыккан үзүл-кесил документтер бул комплексти курулуш түшкөн жерге жерге ээлик кылган «Узбекистон темир йуллари» компаниясы жана башка мамлекеттик ишканалар менен байланыштырат.

Бирок көзгө илинген бир деталь бар. Кагазда «Шоввозсой ден соолукту чыңдоочу жайы» деп көрсөтүлгөн объект өзбек бийлиги үчүн өтө чоң мааниге ээ. Анткени бул аймак Мирзиёевдин башка резиденцияларындай эле учууга тыюу салынган зона болуп саналат.

Вашингтондогу C4ADS бейөкмөт иликтөө тобунун дрондорго жана мыйзамдык актыларга негизделген маалыматына ылайык, Өзбекстанда учууга тыюу салынган алты зона бар.

Өзбекстандын аэронавигация кызматынын былтыр декабрда жаңыртылган маалыматына ылайык, Шоввозсойдогу комплекстен башка дагы беш президенттик резиденциянын үстүнөн учууга тыюу салынган.

Мирзиёевдин резиденциясы жайгашкан мындай бир тилке тууралуу маалымат жок. Ал тилкеде Өзбекстандын ядролук физика институту жайгашкан.

Ар бир зонанын “Р” тамгасы менен башталган ырааттуу сандардан турган коду бар. Өзбекстандын Жарандык авиация агенттигинин кызматкери “Р” деген белгиси бар аймактар Коргоо министрлигинин карамагында экенин айтып берди.

«Бул зоналардын радиустары адатта экиден беш чакырымга чейин болот. Негизинен президенттик резиденциялар турган жерлер. Алардын биринде, Улугбек районунда гана ядролук институт жайгашкан. Учактарга бул тилкеге аба ырайы кескин бузулганда гана кирүүгө уруксат берилет. Калган учурда бул тилкеден учууга таптакыр тыюу салынган», - деп айтып берди кызматкер биздин кабарчыга.

Өзбек бийлиги учууга тыюу салган алты зона:

"Шоввозсой" жашыруун эс алуу жайы

Учууга тыюу салынган тилкенин борбору тоонун бак-шактуу паркынан тарта болжол менен 200 метр жердеги эки вертолет конгон аянтчадан жана булактар айткан Мирзиёевдики делген ак сарайдан ары 350 метр жерди камтыйт.

Учууга тыюу салынган тилкенин радиусу эки чакырымды түзүп, комплекстин бардык аймагы кирет. Бул жай тоолуу райондун эл жашабаган бөлүгүндө жайгашканы менен көңүлдү өзүнө бурат.

«Шоввозсой» эс алуу жайынын үстүнөн учууга качан тыюу салынганын «Азаттыктын» өзбек кызматы таба алган жок. («Узбекистон темир йуллари» ишканасынын менежерлеринин курулуш документтерине «жашыруун» деген гриф коюлганын айтып берди).

Өзбекстандын Аэронавигациялык маалымат берүү кызматы биздин суроону жоопсуз калтырды.

«Биздин атабыздын дачасы»: Активист президенттин сырын ачты

Бир нече жүздөгөн миллион долларга бааланган, жасалма суу сактагычы бар эс алуучу жайдын курулушу 2017-жылы башталып, басымдуу бөлүгү кийинки жылы салынган.

Спутниктен тартылган сүрөттөрдө тик учак конгон аянтчалар 2017-жылдын январында пайда болгон. 2018-жылдын октябрында жергиликтүү аткаминер «Азаттыктын» өзбек кызматына тик учак каттамы жолго салынганын бышыктаган.

«Кайнарсай» резиденциясы

Учууга тыюу салынган тилкенин борборунун радиусу Ташкент облусунун Бостанлык районундагы Бурчумулла токой массивиндеги Мирзиёевдин «Кайнарсай» резиденциясынын үстүндөгү эки чакырым аймакты түзөт. Бул жер 2016-жылы дүйнө салган мурдагы президент Ислам Каримовдун шаар сыртындагы резиденциясы болгон.

Учурда бул резиденция Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун 2019-жылдын 18-мартындагы буйругуна ылайык, мурдагыдай эле президенттик администрациянын карамагында турат.

Мирзиёев «Кайнарсайга» канчада бир келип турары белгисиз. 2018-жылы беларус президенти Александр Лукашенко Өзбекстанда расмий сапар менен жүргөндө ага бул жерди көрсөткөн.

Лукашенкону коштоп жүргөн “Белта” мамлекеттик агенттигинин кабарчылары «Кайнарсай» деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте турган Тянь-Шань тоо кыркаларында жайгашкан Чарвак суу сактагычындагы комплекс экенин жазышкан. Ал жерде тик учак конгонго аянтча жана пристань да бар.

«Кайнарсайга» жакын жашаган тургундар «Азаттыктын» кабарчысына резиденцияга барчу жер карапайым элге жабыктыгын, комплекс такай кайтарууда экенин айтып беришкен.

«Байткоргон» резиденциясы

2017-жылы Ташкент облусунун Кибрай районунун Байткоргон айылында ондогон үйдү жок кылып, Мирзиёевдин жаңы резиденциясына бараткан жолду кеңейтишкен. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккан.

«Байткоргон» резиденциясы Ариповдун 2019-жылдын 18-мартындагы буйругунда камтылган эмес. Бирок анын үстүндөгү учууга тыюу салынган зона ал жерде мамлекеттик маанилүү жай турганынан кабар берет.

Ядролук физика институту

Журналисттер Ташкенттин Улугбек районундагы учууга тыюу салынган тилкеде Мирзиёевдин резиденциясына окшош эч нерсе таба алышкан жок. Ал жерде Өзбекстандын Илимдер академиясынын Ядролук физика институту жайгашкан.

«Көксарай» жана «Дормон» эгиз резиденциялары

Бул учууга тыюу салынган тилке Ташкент облусунун Кибрай районундагы эки президенттик резиденцияны камтыйт. Алардын бири Каримов тирүү кезинде анын негизги резиденциясы болгон.

Мирзиёев белгисиз себептерден улам «Дормондогу» 2500 чарчы метрлик ак сарайды пайдаланбайт. Айрым маалыматка караганда, ал «Көксарай» резиденциясында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда Сенаттын имаратында отуруп иштеген. «Көксарай» Мирзиёевдин негизги иш орду жана ал жерде чет элдик расмий адамдарды кабыл алат.

Эки жай тең Ариповдун 2019-жылдын 18-марттагы буйругунда көрсөтүлгөн.

Мирзиёев «Дормон» менен «Көксарайдан» чыгышты карай кеткен беш чакырымдык жерде дагы бир резиденция салдырган. Айрым маалыматтарга караганда, ал «Карасуу» деп аталып, 2017-жылдын 24-июнунда туулган күнүн утурлай көчүп кирген.

Расмий документтер көрсөткөндөй, «Карасуу» Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн негизги резиденциясы жана Өзбекстандын аэронавигациялык маалыматында ал жер тыюу салынган зонага кирбейт.

«Карасуу» жана Ташкент эл аралык аэропорту

Бул Өзбекстандагы радиусу 10 чакырымды түзгөн, Ташкенттин дээрлик бардык аймагын, анын ичинде Мирзиёевдин «Карасуу» резиденциясын жапкан, учууга тыюу салынган эң чоң зона.

Ал аймакка кирип-чыгууга Ташкенттин эл аралык аэропортуна конгон жана учкан учактарга гана уруксат берилет. 2017-жылдын майында Мирзиёев башкы аба майданына Ислам Каримовдун атын берген.

Жалгыз ушул зонанын гана инфраструктуралык мүнөздөмөсү Өзбекстандын аэронавигациялык маалымат кызматынын материалдарында көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, документте «Карасуу» резиденциясы эмес, Ташкент аэропорту белгиленген.


Коруктагы жашыруун ак сарай