Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Ысык-Көл облусунда былтыр 13 өспүрүм өз жанын кыйган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

"Бул өтө өкүнүчтүү, бирок факт. Балдардын өлүмү укук коргоо органдары үчүн чоң коңгуроо. Азыр жер-жерлерде өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун ишин күчөтүүнү, кошумча күчтөрдү берүүнү караштырып жатабыз. Ар бир райондогу мектептерде окуучулар менен жолугушуулар өтүп турат. Андан сырткары сахналаштырылган оюндар уюштурулууда. Бул өз кезегинде балдардын аң-сезимине таасир берип, жаман кадамдын алдын алат", -деди басма сөз катчысы.

Сталбек Усубакунов облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиев беш райондогу, эки шаардагы ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен жолукканда да бул маселени көтөргөнүн кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, окуучулардын көпчүлүгү карантин учурунда өз жанына кол салганы аныкталган.

2019-жылы облуста 10 өспүрүмдүн өлүмү катталган. (KS/ZKo)

XS
SM
MD
LG