Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстанда онлайн кинотеатр ишке кирди


Жаңы онлайн кинотеатрдын ачылышынан бир көрүнүш
Жаңы онлайн кинотеатрдын ачылышынан бир көрүнүш

Кыргызстанда "Etnomedia" аттуу онлайн кинотеатр иштей баштады.

Аны ишке ашырган топтун башчысы, режиссер Сүйүн Откеевдин айтымында, онлайн кинотеатрдын кампасына 1950-жылдан бери Кыргызстанда тартылган 400дөй тасма киргизилген.

Откеев учурда кино тарткан 50дөй жеке компания менен келишим түзүлгөнүн да кошумчалады. Андан сырткары «Кыргызфильм» киностудиясы менен келишим түзүлүп, «Кыргыз керемети» фондуна кирген 80дей тасма да онлайн форматта көрүүчүлөргө жеткиликтүү болгонуна токтолду.

Откеев алардын баштаган бул иши авторлордун укугун коргоодо, пиратчылыкка каршы күрөшүүгө жакшы инструмент болорун айтты.

«Буга чейин режиссерлор өз эмгегин пираттарга тарттырып жиберип, жемишин ошолор көрчү. 2015-жылдары биз базар кыдырып «биздин кинолорду сатпагыла деп» калганбыз. Азыр болсо пиратчылык онлайнга өттү. Бирок ал тасмалардын сапаты начар. Эми көрүүчүлөр биздин тиркемени жүктөп алып, айына 115 сом төлөп каалаган киносун жогорку сапатта көрө алат», -деди ал.

«Кыргыз фильм» киностудиясынын директору Акжол Бекболотов Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп ири онлайн форматка өтүп жатканына токтолду. Мындай аракеттер кыргыз киночуларына чоң жардам болорун айтат. Себеби, режиссерлордун эмгеги аз да болсо бааланып, аларга «пассивдүү киреше» түшүп турат.

Бекболотов ошондой эле, учурда алар «Кыргызфильм» тарткан буга чейинки тасмаларды жогорку сапатта санариптештирүү үчүн жабдууларды издеп жатканын билдирди.

Бул аракеттер ишке ашса киносүйүүчүлөр «Кыргыз керемети» деп аталган тасмаларды жогорку сапатта көрө аларын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG