Жогорку Кеңештин күн тартибинде белгиленген 18-февраль – бейшемби күнкү жыйыны өтпөй калды.
Мунун себебин парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова «Азаттыкка» депутаттар Конституцияга байланыштуу сунуш-пикирлердин үстүнөн иштеп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
«Парламент кечээ Баш мыйзамды карабады беле? Ошондо бир катар сунуш-пикирлер берилди. Мындан сырткары жарандардан да бир топ каттар келип түшкөн. Бүгүн ошолорду карап, ошол боюнча иштеп жатышкан экен»,-деди ал.
Жогорку Кеңештин жадыбалына ылайык адатта дүйшөмбү күнү тармактык үч комитеттин, шейшемби күнү калган тогуз комитеттин олтуруму болот. Ал эми шаршемби жана бейшемби жалпы палатанын пленардык жыйындары өтөт. Жума күнү парламенттеги фракциялар чогулат.
2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ушул эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.
Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме ал документти эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, долбоорду парламентке жиберген.
Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. Парламент аны 17-февраль, шаршемби күнү карай баштаган. Бул күнкү жыйынга Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да катышты. Анын жүрүшүндө депутаттар документтин мазмунуна карата бир катар сунуштарды, сын-пикирлерди айтышкан.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Долбоорго ылайык президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары Башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзамдардын долбоорун демилгелөө да укугуна ээ болмокчу. (ErN)