Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Беларуста түз эфирге чыккан эки журналист соттолду


Катерина Андреева жана Дарья Чульцова.
Катерина Андреева жана Дарья Чульцова.

Минскинин соту нааразылык акциясын түз эфирде көрсөткөн “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцованы эки жылга кести. Соттун өкүмү үч күнгө созулган соттук жараяндан кийин 18-февралда жарыяланды.

Беларуста “Белсат” эркин телеканалынын эки кабарчысынын соңку сотунда прокурор алардын ар бирин эки жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген. Екатерина Андреева менен Дарья Чульцова былтыр ноябрдагы акциялардын биринде камакка алынган.

Калайман каршылык акцияда камалган кабарчылардын ишин Минскинин Фрунзе райондук соту карап жатат.

Прокурор Алина Касьянчик соңку жараянда Екатерина Андреева менен Дарья Чульцованы “коомдук тартипти бузууга багытталган калайман иш-чараларды уюштуруу” беренеси менен күнөөлүү деп табуу өтүнүчүн келтирген.

Ал судьядан кабарчылардын ар бирин эки жылга эркинен ажыратууну суранган.

Андреева менен Чульцова былтыр 15-ноябрда камалган. Алар ошол маалда күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал экени айтылган 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскерген иш-чараны түз эфирде чагылдырып жүрүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, Бондаренко былтыр 11-ноябрда беткап тагынган жөнөкөй кийимчен адамдар шаардын короолорунун биринде оппозициянын символуна айланган ак-кызыл ленталарды алып салып жатканда алардан эмне үчүн мындай кылып жатышканын сураган. Аны ошол жактан кармап кетишкен. Кийин токмок жеп ооруканага түшүп, өзүнө келбей жан берген.

Эки журналист соттук жараян эми гана башталып жатканда коюлган айыптарды четке кагып, акцияны кабарчы катары гана чагылдыруу максатында барганын билдиришкен.

«Айыптоо борпоң даярдалган. Тергөөчүлөр менин кесиптештеримдин күнөөсүн далилдөө үчүн материалдарды дээрлик үч ай чогултту да. Сотто алар кабарчылардын кенедей да күнөөсүн далилдей алган жок. Бул орой айтканда “цирк” деди “Белсат”», - телеканалынын жетекчисинин орун басары Алексей Диковицкий.

Беларустагы укук коргоо уюмдары Андреева менен Чульцованы саясий туткун катары тааныган жана бийликтен аларды токтоосуз бошотууну, коюлган айыптарды алып салууну талап кылышкан.

Беларустун атайын кызматы соңку күндөрү ондогон журналисттин, укук коргоочунун үйүндө тинтүү жүргүздү. Евробиримдик, беларус оппозиционерлери бул иш-чараларды Лукашенконун режимине каршы чыккандарды коркутуу, сестентүү аракети катары айыпташты.

Минск баштаган бир катар шаарларда 16-февралда жалпысынан бери 25 үй тинтүүгө алынган. Андан сырткары тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү борбор калаадагы “Весна” укук коргоо борборунун жана Беларус журналисттер ассоциациясынын кеңселерине барышкан.

Милиция анда 30 чакты адамды камаганын, айрымдары тез эле бошотулуп, кээ бири тергөө абагына киргизилгени маалым болду.

Беларус бийлиги бул тинтүүлөрдү “калайман каршылык акцияларды каржылаган, укук коргоочулардын атын жамынып алган уюмдардын ишин текшерүү” аракети менен негиздеди.

Оппозиция лидери Светлана Тихановская күч органдарынын соңку аракеттерин айыптады.

«Бийликти колдон чыгаргысы келбеген режим адам укугун коргондорго каршы чабуул жасап жатат. Мындай аракеттердин уланып жатканы бардык беларустар опурталдуу абалда экенинен кабар берет. Беларустар бул кризистен кантип чыгуу керектигине көзү жетет», - деп айтылат анын соңку кайрылуусунда.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел беларус бийлиги жарандык коомдун өкүлдөрүн, укук коргоочуларды жана журналисттерди “коркутуу, сестентүү” өнөктүгүн жандантканын белгиледи. Мындай аракеттер “эркиндикке жана мыйзам үстөмдүгүнө” каршы келерин эскертти.

Еврошаркеттин тышкы маселелер боюнча башкы басма сөз катчысы Питер Стано “Твиттердеги” баракчасына “Буга жол берилбеши керек. Адам укугун сактоо, эркин жана калыс шайлоону камсыз кылуу гана туруктуулукка жана эгемендикке кепилдик берет”, - деп жазды.

Беларус кабарчыларынын ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Борис Горецкий милициянын соңку рейдин “журналисттерге, укук коргоочуларга буга чейин Европада эч болуп көрбөгөндөй куугунтук” катары сыпаттады.

“Соңку жарым жыл ичинде 400дөн ашуун журналист камалды жана бийлик ушуну менен эле токтоп калгысы жок”, - деди Горецкий 16-февралда анын үйүндө да тинтүү жүргөндөн кийин.

Өлкөнү 1994-жылдан тарта башкарып келген Александр Лукашенко былтыр августта соңку президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган.

Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон тарта Беларустун ири шаарларында Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адам катышкан калайман каршылык акциялары маал-маалы менен өтүп жатат.

Күч кызматкерлери адатта демонстранттарды күч менен кууп таратат. Акцияларда миңдеген адам, анын ичинде митингдерди чагылдырып жүргөн ондогон журналисттер камакка алынган.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да катталган.

Александр Лукашенко шайлоо мыйзамсыз өткөнү тууралуу дооматтардын баарын четке кагып, жаңы шайлоо дайындоо, отсавкага кетүү тууралуу оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

Европа Биримдиги, Кошмо Штаттары, Канада баштаган бир катар өлкөлөр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери катары таануудан баш тарткан. Мындан улам Лукашенко баштаган жогорку бийликтеги бир катар аткаминерлерге санкция салынган.

XS
SM
MD
LG