Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Адис: Сириядагы кыргыз аялдардын көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип кеткен


Сириядагы качкындар башпаанектеген «Ал-Хол» лагери. Бул лагерде Борбор Азиядан барган кыз-келиндер балдары менен жашай тургандыгы айтылып келет. Архив.
Сириядагы качкындар башпаанектеген «Ал-Хол» лагери. Бул лагерде Борбор Азиядан барган кыз-келиндер балдары менен жашай тургандыгы айтылып келет. Архив.

Диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фондунун адиси Юлия Денисенконун айтымында, Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү – өз күйөөсүн ээрчип баргандар.

Бул тууралуу Денисенко 16-февралда Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

“Негизинен Сирия менен Иракка кеткен аялдардын көпчүлүк пайызы күйөөлөрү үчүн барышкан. Тилекке каршы, ал аялдардын тандоо укугу болгон эмес. Балдар дагы ошондой болгон. Эл аралык коомчулук ал айымдарды адам сатуу курмандыгы деп таанышкан”, – деди Денисенко.

Денисенконун маалыматына ылайык, кыргыз бийлигинин Ирактан балдарды алып келүү боюнча аракети пандемиядан улам кечеңдеп жатат. Бул адис согуш жүрүп жаткан аймактан келген аялдар жана балдарды толук реабилитация кылса болорун белгиледи.

2019-жылы Кыргызстандын өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган. Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

"ИМ" тобунун жоочуларынын ыктыярдуу туткунга түшкөн үй-бүлө мүчөлөрү. Тел-Афар. Ирак. 2017-жылдын 30-августу.
"ИМ" тобунун жоочуларынын ыктыярдуу туткунга түшкөн үй-бүлө мүчөлөрү. Тел-Афар. Ирак. 2017-жылдын 30-августу.

Ага ылайык өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, Ирактан 70тей кыргызстандык бала алынып келинери маалымдалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. (TSh)

XS
SM
MD
LG