АКШ Конгрессинин төмөнкү үйүндө быйылкы 6-январдагы Капитолийдеги тополоңду көз карандысыз комиссия аркылуу иликтөө демилгеси көтөрүлдү. Республикачы, мурдагы президент Доналд Трампка каршы импичмент соту аны актоо менен аяктаса да, Капитолийдеги тополоңду тергөө ишине жаңы түрткү жарала тургандыгы анык болду.
АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн спикери Нэнси Пелоси америкалык мыйзамчылар быйыл 6-январда өлкөнүн парламенти жайгашкан Капитолий имаратына зомбулук менен кирип барып, тополоң уюштургандардын окуясын иликтөө максатында сырткаркы көз каранды эмес комиссияны түзө тургандыктарын 15-февралда шардана кылды.
Киши өлүмүнө алып келген бул тополоңду ошол кезде президент болуп турган республикачы Доналд Трамптын тарапташтары уюштурган болчу. Алардын кол салуусунун айынан АКШ Конгрессинин кош үйүнүн биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Бул отурумда Трамптын атаандашы, демократ Жо Байден 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкендиги биротоло тастыкталып жаткан болчу.
Пелоси депутаттарга жолдогон катында жаңы комиссия 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркко жана Пентагонго жасалган алааматтуу кол салуудан кийин уюшулган ушул сыяктуу комиссиянын үлгүсү менен иштей тургандыгын билдирди.
Пелосинин айтымында, бул комиссия ошондой эле "Америка Кошмо Штаттарынын Капитолий полициясынын жана башка федералдык, штаттык жана жергиликтүү тартип сактоо органдарынын Капитолийдин имараты жайгашкан аймактагы даярдыгы жана ар кыл окуяларга жасаган мамилеси менен байланышкан факттар жана себептер" жөнүндө да териштирет.
Ал АКШ армиясынын ардагери, генерал-лейтенант Рассел Онореге кол салуудан кийинки Капитолийдин коопсуздук муктаждыктарын баалоо тапшырмасын берген болчу. Генералдын алдын-ала берген жыйынтыгына таянып, Пелоси айым "Капитолийдеги мүчөлөрдүн эсенчилигин жана имараттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн" АКШ Конгресси кошумча каражат бөлүшү керек, деди.
Пелоси айымдын: “Анын табылгаларынан жана импичмент боюнча сот жүрүмдөрүнөн улам биз бул окуя кандайча орун алгандыгынын чындыгына жетүүбүз керек экендиги айдан ачык болуп турат”, – деп кошумчалагандыгын “Рейтерс” кабар агенттиги 15-февралда маалымдады.
Трамптын жактоочулары АКШнын Капитолийине кол салып, Жо Байдендин президент катары жеңишине күбөлүк берүүнү бир нече саатка үзгүлтүккө учураткан каргашалуу тополоңдун маалында 5 киши өмүрүнөн ажырады. Бул окуядан кийин Капитолий имаратын Улуттук гвардиянын 5 миңден ашуун жоокери тынымсыз кайтарып келди. Имараттын айланасы тикенек сым менен курчоого алынды. Жоокерлердин күчөтүлгөн күзөтү март айынын ортосуна карата сакталып кала берээри күтүлүүдө.
Өткөн айда АКШнын Капитолий полициясынын башчысы 2006-жылы эле коопсуздукту баалоо боюнча иликтөө Капитолийдин айланасына туруктуу коопсуздук тосмосун орнотууну сунуш кылгандыгын белгилеп, конгрессмендерди туруктуу тосмо курууга жана кошумча коопсуздук аргаларын чыңдоого макулдук берүүгө үндөгөн болчу.
Көпчүлүк мыйзамчылар жана Колумбия аймагынын мэри Мюриел Баузер айым Конгресстин лидерлерин Капитолийде туруктуу тосмо курууга жана туруктуу аскердик коопсуздук күчтөрүн калтырбоого үндөштү.
Конгресстин имаратына жасалган кандуу чабуулдан кийин мурдагы президент Трамп экинчи ирет импичмент сотуна кабылып, 13-февралда акталып чыкты. Аны айыптуу деп 57 сенатор добуш берди, республикачы 43 сенатор аны күнөөсү жок деп чыкты. 7 республикачы сенатор өз партиялашы болгон Трампты айыптуу деп эсептээрин билдиришти.
Добуштардын үчтөн экиси камсыз кылынбагандыктан, Сенаттагы жалпы добуш берүү жыйынтыгы менен Трамп бул жолу акталып чыккандыгына карабастан, коомчулукта аны жазалоо керек болчу деген сын пикирлер арбын айтыла баштады. (Трамп 2020-жылы февралда башка маселеге байланыштуу алгачкы импичмент сотунда акталып чыккан).
Капитолийдеги тополоңго байланыштуу 200дөн ашуун кишиге федералдык кылмыштар боюнча айып тагылды.
Айтмакчы, “Твиттер” компаниясы 6-январдагы тополоңго байланыштуу Трамптын барагын “козуткуч жалган маалыматтарды ырааттуу таркаткан” деген жүйөө менен жаап салган болчу. Февралдын башында бул компаниянын жетекчилиги Трамптын “Твиттердеги” барагына салынган тыюу мындан ары да биротоло сакталып кала бере тургандыгын билдирди.
6-январдагы тополоңдун айынан Трамп АКШ президенттеринин ичинен экинчи жолу импичмент сотуна кабылып, акталып чыккан алгачкы ишмер катары өлкө тарыхында калды.