Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Аппак кар калың болсо, #Flockdown азили да шекердей!


Кышкы Прага. 08.2.2021.
Кышкы Прага. 08.2.2021.

Европадагы немистер коронавируска байланыштуу карантинди жана калың жааган карды азилге айлантырышты. “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили заманбап немис юморуна арналат.

Адатта, Германиянын бийик тоолуу болбогон өрөөндөрүндө кар анча деле жаабайт. Бирок быйылкы кышта “Шибердин кызыл камчысы” бүткүл немис жергесинде калайыктын төбөсүндө ойноп жаткан кез.

* * * * * * *

Быйылкы калың кар интернеттеги коомдук тармактарда юмордук хештег (ачкыч сөз сымал термин) ойлоп табууга түрткү болду.

Коронавируска байланыштуу бүт дүйнө “карантин” сөзүнүн англисчесин жакшы билип калышты: бул “локдаун” (“Lockdown”) сөзү.

Ал эми немистер бул сөздүн алгачкы муунун немисче “флоке” ("Flocke" – “үлбүрөк”; “өтө назик”; “Schneeflocke” – “шниифлоке” – “кардын кичинекей бүртүкчөсү”) деген сөз менен алмаштырып, #Flockdown деген хештег ойлоп табышты.

Бул немисче-англисче муундардан куралган юмордук терминдин сөзмө-сөз мааниси “кардын төмөн түшүүсү”, бирок ал кыйыр мааниде “кар карантини”, “кар калың жаагандагы карантин” дегенди туюнтат.

* * * * * * *

Кимиси кыйын – флокдаунбу же локдаунбу?

Интернеттин коомдук тармактарында немистер бул жаатта көп азил курушту. Азырынча #флокдаун күчтүүрөөк болуп жатат окшойт. Кантсе да, кар эрий элек эмеспи!


* * * * * * *

“Кар жаадыруу (флокдаун) – бул карантин (локдаун) аркылуу немистерди камай албай койгон чакта, Билл Гейтс Германия калкына каршы атайылап багыттап жүзөгө ашырган эң мыкты амал болду”.

(Бул азил баары-жоктун баарын Атлантика мухитинин ары жагындагы “зулум империалисттик күчтөрдүн айла-амалынан” көрүп шектене берчүлөрчү солчулдарды да чымчылайт).

* * * * * * *

Коомдук тармактардагы #Flockdown жарыяларынын өрнөктөрүнөн.



“#Флокдаундун” саясаттагы изине байланыштуу башка азилдерден:

* * * * * * *
“Жөө жүргөндөр үчүн көчөлөрдү саясатчылар эч бошото албай коюшту эле, #флокдаун оп-оңой бошотуп берди”.

* * * * * * *
“#Флокдаун саясатчылардын калкты биротоло велосипедге өткөрүү концепциясынын бырын-чырынын чыгарып койду”.

Германиядагы мега-#Флокдаун
Биринчи чаралар:
– Кооптуу жолдо унаа айдоого тыюу салуу (эгерде жаңы кар 30 сантиметрден жогору болсо);
– Жалпыга милдеттүү түрдө чектөө. Жерлер;
– Евробиримдик боюнча карда чана сүйрөгөн иттердин атайын тукумун өстүрүү;
– Байчечекей гүлдөгөнгө чейин бетме-бет сабактар өтүү;
– #Флокдаун дегенди тангандарды кылмышкер катары жарыялоо.
“Твиттердеги” бул азилдин автору – германдык кинорежиссёр, журналист Том Бон (Tom Bohn).

* * * * * * *

“Бардык кишилерди бири-бирине теңеп койгондугу үчүн #Flockdown аппак кары мага жагат”, – деп дагы бирөө жазды.

* * * * * * *

Эки кар бүртүкчөсү асманда каалгып учуп жүрөт дейт.
– Кайсы тарапка учкан жатасың? – биринчиси сурайт.
– Гренландияга, мен ал жерде көпкө чейин жерде жата алам. Ал эми сен өзүңчү? – дейт экинчиси.
– Германияга!
- Ал жакта сага бышырып коюптурбу?
– Жөн эле мен элди дүрбөлөңгө түшүргүм келип жатат!
* * * * * * *
("Дойче Велле" жана башка ар кыл интернет булактарынан).

XS
SM
MD
LG