Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:44

Лавров: Орусия Евробиримдик менен алакасын үзүүгө даяр


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 10-февраль, 2021-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 10-февраль, 2021-жыл.

Эгер Москвага каршы санкциялар күчөтүлсө, өлкө Евробиримдик менен алака-катышын үзүүгө даяр экенин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Лавров Москва мындай кадамга орус экономикасына тобокелдик жаралса барышы ыктымал экенин журналист Владимир Соловьевго берген интервьюсунда кошумчалады.

Бул билдирүү Евробиримдик Навальныйдын камалышына байланыштуу санкциялардын жаңы топтомун даярдап жатканы маалым болгондон кийин жасалды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Орусияга февраль айынын башында барып кеткенден кийин Москванын Брюссель менен мамилесин жакшыртууга ниети жок экенин билдирген.

Reuters өз булактарына таянып, Евробиримдик даярдап жаткан санкциялардын кесепти орус президенти Владимир Путиндин айланасындагыларга да тийиши мүмкүн экенин жазган.

Евробиримдик, АКШ жана бир катар Батыш мамлекеттери оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышын айыпташып, аны тезинен бошотууну талап кылышкан.

Навальный «Ив Роше» иши боюнча үч жарым жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG