Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:34

Башкы прокуратура: Сегизбаев боюнча алты иш тергелүүдө


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан алты иш тергелип жатат. Бул тууралуу 11-февралда Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, биринчи иш “Белизгейт” окуясына байланыштуу. Башкы прокуратура Сегизбаев 2016-жылы октябрь-ноябрь айларында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты жөнүндө жалган маалымат тараткан деп эсептейт.

Экинчи иш - Бишкектин Көк-Жар конушунда атайын кызматта иштегендер үчүн салынган үйдөн бир прапорщикке үч бөлмөлүү батирдин берилишине байланыштуу.

Үчүнчү иш - УКМКнын үч кызматкери энчилүү курал менен сыйланышы тууралуу.

Төртүнчүсү - Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелери тууралуу маселеге байланыштуу.

Бешинчи иш - көзөмөл органынын маалыматына караганда, атайын кызматтын айрым жетекчилеринин 2017-жылы бюджеттин эсебинен чет өлкөлөргө барып келгени боюнча.

Мындан тышкары, Сегизбаев боюнча дагы бир иш жашыруун тергелип жатканы маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге бир гана айып боюнча кабарлама тапшырылганын 11-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирген:

“Азырынча ага бир гана иш боюнча кабарлама тапшырылган. “Белизгейт” боюнча. Башка эч кандай кабарлама болгон эмес”.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG