11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында 30-40 чакты адам чогулуп, муфтийликтен кеткенин жарыялаган Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөө жана аны камактан бошотуу керек деген пикирин билдиришти. Алар ажылыктын акчасы байланышкан окуя саясатташып кеткенин айтып, "Токтомушевди кызматтан алуу максатында каралоо болуп жатканын" билдиришти.
Акцияга катышкан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев муфтийдин ордун бийликтеги эки топ талашып жатканын билдирди:
“Биринчи саясий топто президенттин аппаратына жетекчи болуп келген Искендер Гаипкулов бар. Анын алдында Арзыбек Бурханов бар. Ал өзүнүн жердеши Султан Гафуровду муфтийликке алып келүү аракетин көрүп жатат. Экинчи топ Камчыбек Ташиев менен байланыштуу. Булар болсо Ташиевдин иниси, Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүндө иштеген Медербек Карабаевди муфтий кылганы жатышат. Мага Медер Карабаев, Арзыбек Бурханов келип “муфтийди алмаштыралы” дешкен”.
Токталиев президент Садыр Жапаров 9-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Медер Карабаев дайындалган.
Журналист Өткүрбек Рахманов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин муфтиятка байланыштуу пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Ал жерде мындай деп жазылат:
"Акин Токталиевдин ордуна келген адам менен эч качан көрүшкөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Токталиев мени койдурду деп ойлоп жатат окшойт. Мен, тескерисинче, Токталиев менен Токтомушев калсын деп жүрөм. Билип-билбей эле сүйлөй бербесин да. Ага өздөрүнүн кишилери ушундай мамиле кылып жатат. Менин эч кандай тиешем жок".
Ал эми Акин Токталиев айтып жаткан Арзыбек Бурханов менен байланышканыбызда “бардыгы калп, башка эч нерсе айта албайм” деп жооп берди.
Садыр Жапаров айткан жагдайлар
Президент Садыр Жапаров 11-февралда муфтияттагы акчага байланыштуу маалымат берди. Жапаров дин жаатындагы аалымдар экиге бөлүнүп калганын айтып, бул иштер боюнча Максат Токтомушев жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканын билдирди. Жолугушууда дин башкармалыгында каржылык мыйзам бузуу бар экени айтылганын, натыйжада өзү жиберген эсепчинин жардамы менен текшерүү жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мындай маалымат берди:
“16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен, былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса жарымы бериле элек экен”.
Азырынча 155 миллион сом кайсы партиянын шайлоо чыгымдарына колдонулганы белгисиз. Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов аталган каражат август айында муфтияттын эсебинен чыгып, декабрда кайра кайтарылганын айтып жатат.
“Ажылыкка бара турган адамдардан 18 миллион доллардай чогулган. Анын жети жарым миллиону кайра кайтарылып берилген. Болжол менен 10-11 миллион доллар РСК банктын эсебинде турат. Биз ушунун негизинде Аалымдар кеңешине акт жазып бердик. Садыр Нуркожоевич финансист эмес да. Ага тактала электеги маалыматтарды берип жатат”.
Анын эсеби боюнча, муфтияттын банктагы эсебинде 5500 адамдан чогулган 18 миллион доллар бар болчу. Анын 7,5 миллиону кайра кайтарылып берилген.
Жабык эшик артындагы кезексиз жыйын
Ал арада Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши 11-февралда кезексиз жыйын өткөрүп, муфтий Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, аны канааттандырды. Анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев аткарып турат. Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны үч саатка созулуп, ага журналисттер киргизилген жок.
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев жыйындан кийин “Азаттык” радиосундагы маегинде мусулмандардын курултайынын датасы 5-апрелге бекитилгенин айтты. Эми 17-февралдан 17-мартка чейин муфтийлик кызматка талапкерлердин арызы кабыл алына баштайт.
“Аалымдар кеңешинин алдында комиссия түзүлдү. Бул комиссия муфтийликке талапкерлерди каттап, аларды сынактан өткөрөт. Андан кийин эң жогорку упай алган үч адамдын талапкерлигин мамлекеттик тийиштүү органдарга макулдашууга жиберет. Макулдашуудан өтүп келгендердин талапкерлиги кайрадан Аалымдар кеңешинин жыйынында добушка коюлат. Көп добуш алганы муфтий болуп шайланат. Ал шайланган муфтий мусулмандардын курултайында бекитилиши керек. Курултайга келген делегаттар каршы болуп коюшу да мүмкүн”.
Абибилла Кадырбердиев айтып жаткан комиссия тогуз адамдан турат. Анын алтоо Аалымдар кеңешинин мүчөсү, калганы мамлекеттик органдардын (УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Эсеп палатасы) өкүлдөрү болуп эсептелет. Ал эми мусулмандардын курултайы жер-жерлерден шайланып келген 200дөн ашуун делегаттардан турат.
Кадырбердиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу айыптоосуна байланыштуу маселе каралбаганын “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:
“Ал жөнүндө Аалымдар кеңешинин эч кандай маалыматы жок. Себеби ал иштер банкта болгон. Банкка кирүү укугу муфтий менен муфтияттын башкы эсепчисинде гана болгон. Башка эч кимде кабар жок. Борбордук текшерүү комиссиясы өзүнүн актын берди. Ал муфтияттын банктан сырткаркы каржы иштери боюнча отчету”.
Аалымдар кеңешинин төрагасы Кадырбердиев мыйзамдуу өлкөдө жашарыбызды айтып, ажылыктын акчасына байланыштуу ишти тергөө иликтей турганын кошумчалады.