Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

Иран Ирак менен чек арада аскердик машыгуу баштады


Иран аскерлери машыгууда. 20-январь 2021-жыл
Иран аскерлери машыгууда. 20-январь 2021-жыл

Ирандын Революция сакчыларынын корпусу Ирак менен чек арага жакын аймакта аскердик машыгуу баштады. "Press TV" каналы маалымдагандай, машыгууга дрондор, тик учактар жана артиллерия катышууда. Машыгуу канча убакытка созулары белгисиз.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын бийликтеги мөөнөтү аяктап баратканда ортодо чыңалуу күчөп, Ислам жумурияты соңку жумаларда улам бир аскердик машыгуу өткөрүп келди. Тегеран ошондой эле америкалык жаңы жетекчи Жо Байденге 2015-жылкы ядролук келишимге кайтсын деп кысым кылууга аракеттенүүдө.

Январдагы машыгууда Революция сакчыларынын корпусунун аскерлери баллистикалык ракета колдонушкан. Маалымат каражаттары алар Индия океанындагы буталарга сокку урууну машыгышкан. Өткөн аптада Ирандын деңиз аскерлери Оман булуңунда орто аралыкка учуучу ракеталарын атып машыккан.

XS
SM
MD
LG