Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

Ош шаарында бычак жеген мектеп окуучусу каза болду


Ош шаарындагы ооруканалардын бири
Ош шаарындагы ооруканалардын бири

Ош шаарында бүгүн, 11-февралда белгисиз адамдар бычактап кеткен окуучу каза тапты. Анын жанында жүргөн Юридикалык коллеждин студенти да жараат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ош облустук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Сымбат Жумабаева кабарлады.

"Бүгүн түшкү саат экилер чамасында 17 жаштагы эки өспүрүм түштү. Бирөө ичине бычак жеп, экинчиси көкүрөгүнөн жаракат алган экен. 9-класстын окуучусу операция жасалгыча эле кансырап каза тапты. Экинчи балага операция жасалды, абалы оор", - деди Жумабаева.

Каза тапкан бала Оштогу Нариман мектебинин 9-классынын окуучусу болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ушу тапта эки өспүрүмгө кол салгандарды издеп жатат. (DsU)

XS
SM
MD
LG