Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Кагаз маалымкат талап кылууну токтотуу керектиги айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-марттан тартып өкмөт жарандардан маалымкаттын кагаз түрүндөгүсүн талап кылууну токтотушу керек. 9-февралда президент Садыр Жапаров «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкта мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга кайрылган адамдардан маалымкаттын же башка документтин кагаз түрүндөгүсүн талап кылууну 1-мартка чейин токтотуп, электрондук маалымат менен иштөөгө өтүшү керектиги сунушталды.

Адамдар мамлекеттик же муниципалдык тейлөөнү мекеме аралык электрондук кызматташуунун “Түндүк” системасы аркылуу алышы керектиги айтылды.

1-майга чейин өкмөт электрондук ID карта, айдоочунун электрондук күбөлүгү, транспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу электрондук күбөлүк сыяктуу санарип документтерди киргизиши керек болот.

Кыргыз бийлигинин мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү аракети 2017-жылы башталган. 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы», 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган.

“Түндүк” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, “Түндүк” тутумуна ондогон мамлекеттик органдын кызматтары туташтырылары айтылган.

Коомчулукта санариптештирүүнүн жүрүшүнө карата сын пикирлер аз эмес. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы тейлөө автоматташтырылбагандан улам узун кезек пайда болгонуна нааразылыктар айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG