Биригип бүтө элек министрликтер
Эки ири тармак бир министрликке бириктирилгендерден Экономика жана финансы министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги. Алардын расмий өкүлдөрү бириктирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат бере албастыгын билдиришти.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин басма сөз кызматкери Жылдыз Айгерчинова эки тармак толук кошулуп бүткөндөн кийин маалымат берилерин айтты.
“Структура жасалып жатат. Кошулуп бүтүп, толук түзүм белгилүү болгондон кийин ким кайда отурат, эмне болот, маалымат беребиз”, - деди басма сөз кызматкери.
Өкмөт оптимизациясы качан аяктайт белгисиз
Мамлекеттик каттоо, Соттук-медициналык экспертиза, Экотехинспекция, Ветинспекция, Кыргызпатент, Финполиция, Жаза аткаруу кызматы, Бажы кызматы жана Салык кызматы кандай бириктирилет - дагы деле белгилүү боло элек. Бул кызматтардын көпчүлүк басма сөз кызматкерлери азырынча эч кандай маалыматы жок экенин жана кадимки режимде иштеп жатышканын белгилешти.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев жогорудагы кызматтарды ирилештирүү боюнча жумушчу топ иштеп жатканын айтып, азырынча бир чечимге келе электигин “Азаттык” радиосуна кабарлады.
“Оптимизация боюнча мамлекеттик органдар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул багытта түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат. Бирок бир жыйынтыкка келе элек”, - деди Рысалиев.
Өкмөт түзүмүнүн реформасы боюнча жумушчу топтун башында мурунку аппарат жетекчи Бакыт Аманбаев турган. Азыр ал жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалыматы жок экенин айтты.
Ошентип, өкмөт жаңы түзүмүн Жогорку Кеңештен бекитип ишке киришкени менен азырынча ирилештирүүдөн канча штат кыскарды, казынага канча үнөмдөө болот жарыялана элек. Онго жакын мамлекеттик маанилүү кызмат көрсөтүүчү органдар кайсы тармактар менен кошулат - азырынча беймаалым.
Жарандык активист Нурсултан Акылбек жаңы бийликтин чакан өкмөт түзүү аракетин кескин сындап чыккандардын бири. Ал тагдыры белгисиз бир нече мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүү функциясы бар экенин белгилеп, түзүлгөн кырдаал алардын ишине кедергисин тийгизет деген пикирде.
“Алдын ала укуктук базаны түзүп, жумушчу топ алты ай иштеп парламентке келип, негиздер менен түшүндүрүп бериши керек болчу. Азыр болсо Мариповго бир күн калганда берген. Ал болсо өзү дагы түшүнбөйт. “Буюрса караштырабыз” деп эле жооп берип атат. Маселен, Саламаттык сактоо министрлигине окшоштуруп бир министрликти кошуп койду. Ал жерде элге кызмат көрсөтүү бар. Эл болсо алардын биригип, укуктук базанын түзүлгөнүн күтпөйт. Анан башаламандык башталат”, - деди Нурсултан Акылбек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев канткен күндө дагы бийлик өкмөт реформасына киришкенин колдоп жатат. Анын эсебинде өкмөттүн бардыгын ирээтке келтирүүгө бир-эки ай убактысы бар.
"Бир-эки айдын ичинде жасаса болот. Ар бир министрликтин өзүнө тапшырма берип, өздөрүнүн иштөө тартибин жактагыла десе болот. Мындан коркуп кереги жок. Себеби, эки-үч ай өкмөт башчысы жок деле баары иштеп жатпадыбы. Эми кадамдары туура. Сөөгү жакшы түзүлдү, бирок этин эмнеден курайт белгисиз. Ошол жагы маселе болуп жатат", - деди Рыспаев.
6-февралда президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, өкмөт курамына карата айтылып жаткан айрым сындарга көңүл бурбоого чакырды. Ал мындай сын пикирлердин артында жалган аккаунттар жана ою бузук адамдар турат деп белгилеген:
"Социалдык түйүндөрдө фейк-аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат. Кээ бир ою бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, Финансы полициясы Ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты. Өкмөт чечим кабыл алып, расмий түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет", - деп жазган президент С.Жапаров.
Парламентте сөз сүйлөгөн кезинде Садыр Жапаров мамлекеттик башкарууну реформалоо эң негизги багыттардын бири экенин айтып, министрликтерди ирилештирип, кыскартууларды жүргүзүү аркылуу казына каражаты үнөмдөлүп жатканын белгилеген. Бирок, өкмөт түзүмүн реформалоодо канча каражат үнөмдөлөөрү жөнүндө болжолдуу дагы сан жок болуп жатат.