Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Нарында жергиликтүү тургунду көчөдө атып кетишти


Нарындын кире бериши.
Нарындын кире бериши.

Нарын шаарында 6-февралда жергиликтүү тургунду көчөдө атып кетишти. Айрым маалымат булактары, ок тийген тургун мурда соттолгонун, уюшма кылмыштуу топтун өкүлү болушу мүмкүндүгүн жазышты.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя кечки саат тогузга жакын болгон.

Көчөдө жеңил автоунаада отурган кишини башка машинедеги белгисиз адам бир канча жолу аткан. Моюнунун сол жагына ок тийген 31 жаштагы жергиликтүү тургун ооруканага жетпей көз жумган. Милиция кылмышка шектүү изин суутканын, издөө жүрүп жатканын билдирди. Өлгөн адамдын криминалга тиешеси бар-жогу расмий айтыла элек.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, уюшкан кылмыш топторго карата Жазык кодексинин 248-249-беренелери - «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренелери колдонулат.

Өлкөдө криминалдын таасири күчөп кеткенин, ал тургай саясатка да аралашканы айтылып, бул маселе парламентте да көтөрүлүп келүүдө. (SE\BsB)

XS
SM
MD
LG