Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Бельгияда ирандык дипломат 20 жылга кесилди


Бельгиянын соту ирандык дипломат Асадулла Асадини теракт уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен 20 жылга кести. Ага 2018-жылы Францияда иран оппозициячыл активисттеринин жолугушуусунда жардыруу уюштурууга аракет кылган деген айып тагылган.

Асади менен катар бул иш боюнча дагы үч адам айыптуу деп табылды. Алар Иран бийлигине оппозиция болуп келген Каршылык көрсөтүү улуттук кеңеши уюмунун мүчөлөрүнө каршы теракт уюштурууну көздөгөн деп табылды. Франциянын, Бельгиянын, Германиянын укук коргоо органдары биргеликте операция уюштуруп, теракттын алдын-алып калышкан.

Асадулла Асади Германияда кармалып, кийин Бельгияга өткөрүлгөн. Ал 4-февралдагы сотко катышкан жок, адвокаты аркылуу күнөөнү моюнуна албай турганын айттырган.

1979-жылдагы Ирандагы ислам ыңкылабынан соң Европада алгач жолу ирандык дипломат сот жообуна тартылды. Буга чейин Франция Асадулла Асади Ирандын атайын кызматынын кызматкери деп айыптаса, Тегеран аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG