Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

Ош милициясы «Азаттыктын» кабарчысына кол салган жаранды издөөдө


Ош шаары. 2020-жылдын 6-октябры.
Ош шаары. 2020-жылдын 6-октябры.

Ички иштер министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна кол көтөргөн жаранды издей баштады. Бул тууралуу 2-февралда аталган башкармалык кабарчы менен 6-октябрдагы окуя боюнча сурак жүргүзгөндөн кийин билдирди.

6-октябрь күнү саат 8:30 чамасында «Реформа» партиясынын мүчөлөрүн ур-токмокко алып жаткан топту «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу тасмага тартып жаткан учурунда белгисиз бирөөлөр чаап жиберген.

Ал учурда шаардагы борбордук аянтка чогулгандардын басымдуу бөлүгүн парламенттик шайлоого катышкан «Биримдик» партиясынын тарапкерлери түзүп, митингди партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бири Бекмурза Эргешов алып барып жаткан.

Шаардык милиция Ички иштер министрлигинин атайын тапшырмасынын негизинде 19-январда окуяны Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен бирдиктүү реестрге каттап, тергей баштаган. Ага чейин «Азаттык Медиа мекемеси» 5-октябрдагы элдик толкунду жана андан кийинки коомдук саясий кырдаалды чагылдырып жүргөн өзүнүн Ош, Талас, Бишкек шаарларындагы кабарчыларына кысым болуп, кол көтөрүү фактылары катталганы тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылган.

Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда 2020-жылы журналисттерге кол салган эки факт катталган.

Кыргызстанда 2020-жылдан 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил үч партия жеңишке добуш сатып алуу жолу менен жетти деп эсептеген шайлоочулар 5-октябрда көчөгө чыгышкан. Ал бийлик алмашуу менен аяктаган.

Парламенттик шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өткөн. (DU)

XS
SM
MD
LG