Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды


Пандемияда Бишкектеги ооруканалардын биринде бейтапты дарылоо учуру. Архивдик сүрөт.
Пандемияда Бишкектеги ооруканалардын биринде бейтапты дарылоо учуру. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды. Эки учур тең Бишкек шаарында катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин 2-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 58 кишиден жаңы аныкталды.

Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1414 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 646 киши болду. Анын 81 102си сакайган. Бир күндө ооруканалардан 115 бейтап айыгып чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG