Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Ооруканада баласына ВИЧ жуккан келин Саламаттык сактоо министрлигин Жогорку сотто утуп алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооруканада баласына ВИЧ жугуп калган 42 жаштагы жалгыз бой эне Саламаттык сактоо министрлигин жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасын Жогорку сотто утуп алды.

8-декабрда чыккан соттун чечимине ылайык, утулган тарап келинге эки миллион сом кенемте төлөп берүүгө тийиш.

Келин «Азаттыкка» билдиргендей, 2010-жылы анын бир жаштагы уулу кырсыкка кабылып, Кызыл-Кыядагы ооруканага алып барганда дарыгерлер наристеге кан куюшкан. Бир ай бою наристенин абалы оңолбой, улам дене табы көтөрүлө бергендиктен кандан анализ тапшырганда Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) аныкталган. Балага куюлган канда вирус болгону бир канча жолку текшерүүлөрдө тастыкталган.

Келин жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылып, майнап чыкпаган соң 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жазган. Анын арызы парламенттен ары Башкы прокуратарага жиберилип, териштирүү башталган.

Прокуратура ишти сотко өткөрүп, териштирүү 2014-жылы аяктаган. Сот чечиминде медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен бала оорукчан болуп калганы бышыкталган. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен тийиштүү медициналык адистер жоопкерчиликке тартылган эмес.

Кийинчерээк келин «Адилет» укуктук клиникасынын юристтеринин жардамы аркылуу Жогорку сотко чейин даттанып, Саламаттык сактоо министрлигине жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына 5 миллион сомдук доо койгон. 2020-жылдын 8-декабрында Жогорку сот чечим чыгарып, министрлик менен оорукананы келинге эки миллион сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди. Азырынча келин акчаны ала элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев Жогорку соттон чечим чыкканын бышыктады. Бирок министрликке азырынча чечим жибериле элек экенин билдирип, качан чечим колго тийгенде кенемте төлөө жагы караларын айтты.

Баласына ооруканада ВИЧ жуккан ата-энелердин арасынан өкмөт органдарын сотто утуп алган учур буга чейин болгон эмес.

Кыргызстанда ВИЧ илдети жуккан балдардын расмий саны 700дөн ашат, алардын 382сине дарыгерлердин шалаакылыгы менен илдет жукканын Республикалык СПИД бирикмеси билдирген (айрым булактарда 385 бала). (SE)

XS
SM
MD
LG