Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:00

Орусияда Навальныйды колдогон акцияларда адамдар кармала баштады (сүрөт)


Владивосток. 31-январь, 2021-жыл.
Владивосток. 31-январь, 2021-жыл.

Камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар Орусиянын бир нече шаарында өтүп жатат.

Жергиликтүү бийлик уруксат бербеген митингдер башталбай жатып, камоолор менен коштолууда. ОВД-Инфо кармалган 150 кишинин көбү Владивостокто экенин кабарлады. Новосибирскиде миңден ашык, Иркутскиде жана Владивостокто 500дөн ашык киши чыкты.


31-январда Орусиянын көптөгөн шаарларында миңдеген кишилер убактылуу абактагы Алексей Навальныйды бошотуу талабы менен нааразылык жыйындарга чыгары күтүлүүдө.

Орусиянын Ички иштер министрлиги абактагы оппозициячыл саясатчы Навальныйды колдоо иретинде өлкөнүн ар кыл шаарларында нааразылык жыйындарга чыгууга беленденгендерге “көчөгө чыкпагыла, бул жыйындар – мыйзамсыз” деп алдын-ала эскертти.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын 29-январдагы билдирүүсүндө нааразылык жыйындарга катышкандардын иш-аракети тополоңго катышуу катары карала тургандыгы белгиленди. Москва полициясы борбор шаардын чордонундагы айрым аянттар жана жети метро бекети жекшембиде жабыларын алдын-ала маалымдады.

23-январда ушундай эле ураан менен Орусиянын 110дон ашуун шаарында өткөрүлгөн жыйындарга катышкан 4 миңдей киши коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Навальныйды эркиндикке чыгаруу талабын эл аралык коомчулук билдирүүдө. Алардын арасында АКШ жана Европа Биримдиги да бар.

Орусия бийлиги Навальныйдын шериктерин жана башка оппозиция өкүлдөрүн четинен кармап, айрымдарын үй түрмөгө отургузууда.

XS
SM
MD
LG