Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

«Уят» – кишичиликти таразалаган тасма


Даңазалуу швед кинорежиссёру Эрнст Ингмар Бергман (1918--2007).
Даңазалуу швед кинорежиссёру Эрнст Ингмар Бергман (1918--2007).

Уят – өлүмдөн катуу

Кыргыз эл макалы

Бүгүн биз атактуу швед кинорежиссёру, кино дүйнөсүндө өзүнүн өзгөчө изин калтырган Эрнст Ингмар Бергмандын «Уят» (швед. Skammen; англ. Shame) аттуу тасмасы тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Тасма адеп башталган алгачкы мүнөттөрдөн эле биз башкы каармандар (кийин билгенибиздей, жети жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жаткан жубайлар) Ева менен Яндын кимиси ким, кандай адам экендигинен азыноолак кабардар болобуз. Сааттын «ойготкучу» чыр-р этер замат Ева ордунан атып туруп, шамдагай кыймылдап, күндөлүк тиричиликке кирише баштайт.

Анын шайдоот кыймыл-аракети, шар жүрүм-туруму Айтматовдун Жамийласы сыяктуу ачык-айрым, ашкере кайратуу, батыл аял экендигинен кабар берсе, ал эми керебеттен көчүгүн көтөргүсү келбеген күйөөсү Ян, тескерисинче, жеткен мажирөө, жүүнү бош, атүгүл үстү-башына карабаган шалаакы экендигин көрөбүз.

Бир караганда бири-бирине таптакыр окшошо бербеген бул эки жанды эмне бириктирет болду экен деген суроо да туулбайт койбойт. Бирок бара-бара маалым болгондой, аларды жети жылдан бери бири-бирине рухий жакындык (т.а. музыкага болгон сүйүү) гана эмес, өзгөчө мамиле, махабат ышкысы да байланыштырып турат экен. (Ушул жерде дагы Жамийла менен Даниярдын тагдыры эске түшөт.)

…Төрт жыл мурда бири шаардын филармониясында симфониялык оркестрди жетектеп, экинчиси скрипкада ойногон жубайлар Яндын ден соолугуна байланыштуу жер которууга мажбур болушат. Цивилизациядан, ызы-чуудан, уруш-жаңжалдан оолак, ушул чакан аралчага келип орун-очок алышат. Эрди-катын алакандай жерге эгин эгип, андан алган түшүмдү шаарга алып барып сатып тиричилик кылат.

Музыка дегенде бүт дитин берген, өз жашоосун ансыз элестете албаган Ян өткөн күндөрүн эстеп, катуу бук болот. Жетеленме, тиричиликке түк байымы жок, жаш баладай чабал неме көбүнесе аялынын айтканынан чыкпайт.

Чын эле, аялы Ева болбосо өзү да бир күндө жок болуп кетчүдөй жүдөгөн бир байкуш. Ошол себептүү ал өзүнүн кайратсыздыгына, ашкере коркоктугуна жана мүнөзү боштугуна арданып, кээде ыйлап да жиберет. Бирок ал ошол эле убакта жеткен өзүмчүл да, аны өзүнөн башканын тагдыры такыр кызыктырбайт.

Ал эми аялы Ева ага кудум жаш баладай үйрүлүп түшөт, ага энесиндей камкордук кылат. Ушул жерде Ян катардагы композитор эмес, өзгөчө талант, айрыкча дараметке ээ өнөр адамы болсо керек деген ой пайда болбой койбойт. Антпесе эне болуу бактысынан да кечип (Ян эркектик жактан мандемдүү экендигин тасманын жүрүшүнөн баамдайбыз), Ева аны мынчалык кастарлап, кадырлабайт эле да.

Антейин дейин десек, автор тарабынан ойдон чыгарылган, тарыхта болбогон шарттуу согуштагы «чыккынчылыгы» үчүн айыпталып, туткун болуп келишкенден кийинки бир эпизод биздин түкшүмөлүбүздү жокко чыгарат. Ян аялы Еваны полковник Якобиге кызганып, анын намысына тие турган сөздөрдү айтат. Ева катуу ачууланып:

- Ушунун баары бүткөндө (согушту айтып жатат. – А.К.), сенин энөөлүгүңдөн кутулсам, кандай кубанар элем. Бир сенин эле тагдырың талкаланыптырбы, же сенден бөлөк адам жок дейсиңби?! Өзүңдү дүйнөнүн түркүгүндөй көрө бербечи! – деп эчкирип ыйлайт.

Даңазалуу швед кинорежиссёру Эрнст Ингмар Бергмандын "Уят" көркөм тасмасынын көрнөгү. 1968.
Даңазалуу швед кинорежиссёру Эрнст Ингмар Бергмандын "Уят" көркөм тасмасынын көрнөгү. 1968.

Табиятынан ак көңүл, боорукер, сезимтал Еванын чыныгы адамгерчилиги жок жерден жалаа жабылып, камалып жатканда дагы да даана ачылат. Күйөөсү токмок жеп, өзү кордолуп, коркуп араң тургандыгына карабай, колундагы ашын жерге коё коюп, булардан көбүрөөк запкы тарткан бейтааныш бирөөгө чын ыкластан жардам берүүгө ашыгат. Киши ашкере аздектеп кадырлаган адамы үчүн гана «ичкен ашын жерге коёт».

Ал эми кеменгер режиссёр өзүнүн башына каран күн түшүп турганда да бөлөктөрдүн тагдырына кайдыгер боло албаган Еванын бийик адамдык сапатын ушул деталь аркылуу таасын чагылдырган.

Балким, согуш болбогондо, алар кишинин кишилигин таразалаган катаал күнгө туш келбегенде, мурдагыдай эле бейгам турмушта, бири-бирин сыйлашып, баштагыдай эле Ева Янга баласындай кам көрүп, бактылуу жашай беришмек. Бирок алар чындыктан канчалык качканы менен (Ян оңдоого көңүлдөнбөгөн радио каардуу сырткы дүйнөнүн, цивилизациянын символу), сөзсүз бир күн болбосо бир күнү келе турган уруш алардын да аралчасына жетти.

Жаатташкандардын чыр-чатагы алар жашырынган бейпил аралчанын гана быт-чытын чыгарбастан, качан болсо кармашып-тытышкан адамдар коомунан атайын обочолонгон эки пенденин да тагдырынын таш талканын чыгарды.

Согуштун кесепетинен коёндон коркок, адам эмес тоокту атууга жүрөгү даабаган Ян жеткен жырткычка, ашынган канкорго айланды. Анын рухий таяныч-тиреги, жан дүйнөсүн, адамдык насилин жамандыктан калкалап турчу скрипкасы талкаланар замат тулку-боюндагы Платон айткан айбаттуу жырткыч баш көтөрдү.

Ошол көз ирмемден баштап ал мурдагы Янга таптакыр окшобогон башка киши болуп чыга келди.

Ева: «Биз эми кайсы тилде сүйлөшөбүз?!» - деп, бекеринен чый-пыйы чыгып жаткан жери жок. Ооба, эми алар бири-бири менен мурдагыдай музыканын, ыр-күүнүн, жүрөктүн тили менен сүйлөшө албайт. Эми алар бири-бири үчүн таптакыр жат, чоочун адамдар. Согуш аларды бир заматта кайрадан ийлеп, кайрадан жаратты.

Бергман өзү бул тууралуу: «Биздин өзүбүздө фашисттик насил барбы? Биз кандай кырдаалда алпейим социал-демократтардан ашынган фашисттерге айланабыз? Мен ушуну түшүнүүгө далалат кылдым. Адамды катуу кысмакка алганда, ал корккондон өз жан айласын гана ойлоп каларына мен барган сайын көбүрөөк ынануудамын», - дейт.

Дегеле кишини сыноого, зомбулукка туруштук бере албагандыгы үчүн айыптоого болобу? Ал оор жагдай-шартта, экстремалдуу кырдаалда адамдык касиетин жоготуп койгондугу үчүн (мисалы, Айтматовдун Ысмайылы же Момуну өңдүү коркоктук кылгандыгы, чыккынчылыкка баргандыгы) үчүн жазалаш керекпи?

Эгер ал табиятынан мажирөө, коркок болсочу? Анын тандоосу, каалоосу эмне үчүн эске алынбашы керек? Ысмайыл сыяктуу эле Ян дагы согуштан качып жүрбөдү беле (атайын радио уккусу келбей).

Көрүнүктүү режиссёрдун аталган тасмасы көп жагынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романы менен да үндөшүп турат.

«Кыямат» сыяктуу эле «Уятты» да эсхатологиялык, апокалипсистик чыгарма десек болот. Автор башкы кейипкерлердин бирин тегин жерден Ева деп атабаса керек.

Тасманын аягында бүтүн дүйнөнү, бүткүл адамзат жашоосун символдоштурган, барар багыты, байыр алар көк жээги жок кайыктын бозомук, киргилт деңиздин ортосунда, өлүктөрдүн курчоосунда калышы да өзүнчө чоң маани камтыйт.

Автор уят-сыйытты жоготкон, абийир, ар-намысын көр дүйнөгө алмаштырып, бечара жанга, кулпендеге айланган, (кеңири мааниде алганда, Кудайды унуткан) адамзаттын келечеги жок экендиги, ал рухий туңгуюкка кептелгендиги жөнүндө ашкере тынчсыздануу менен коңгуроо кагат.

Жыйынтыктап айтканда, тартылганына дээрлик жарым кылымдан ашса да, залкар режиссёр Эрнст Ингмар Бергмандын бул тасмасы бүгүн да өз маанисин жоготкон жок. Бул фильм баарыбызды жалпы адам баласынын тагдыры жөнүндө терең ой жүгүртүүгө, анын болочогуна жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Тасма эртең бар болорубуз да, жок болорубуз да өзүбүздүн колубузда экендиги, а эгер алдыда акыр заман келчү болсо, ага дагы өзүбүз себепчи болорубуз жөнүндө катуу эскерткенсийт.

Аким Кожоев,

жазуучу, блогер.

XS
SM
MD
LG