Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бизнес-акыйкатчы ишкерлер үчүн тынчсыздануусун билдирди


Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.
Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерге карата кысым болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ишкерлердин укугун коргоочу омбудсмен 29-январда билдирүү таратып, кайсы бир экономикалык мыйзам бузуу боюнча шек саналып жаткан ишканалардын жеке маалыматы ачык жарыяланганы мыйзамга каршы келерин, Жазык-процессуалдык кодекс сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтарын жарыялоого тыюу саларын белгиледи.

Ошону менен катар ал соттун мыйзамдуу чечими чыкмайынча кимдир-бирөөнү айыптаган билдирүүлөр күнөөсүздук презумциясы тууралуу принципке каршы келерин кошумчалады.

Робин Орд-Смит мындайга туш болгон ишкерлерге кайрылып, мамлекеттик органдардын аларга карата тигил же бул аракетинин мыйзамдуулугу боюнча кеп-кеңешти бекер алса болорун айтты.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйыны өткөн. Ага ошол кезде премьер-министр болуп турган азыркы президент Садыр Жапаров катышып, өлкөдө ишкерлерге каршы келген да мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоо боюнча тапшырма берилгенин, аткаруу үчүн эки-үч ай талап кылынарын айткан. Ал ишкерлерди колдоо максатында «ишеним телефону ачыларын» билдирип, инвесторлорго колдоо көрсөтүлбөсө, туристтер келбесе, коррупция жоюлбаса мамлекет өнүкпөй турганын, бул маселелерди чечиш үчүн баарын ачык айтып, жардам бериш керек экенин белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG