Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:31

БШК: парламенттик шайлоого катышкан партиялардын күрөө акчасы кайтарылат


4-октябрдагы парламенттик шайлоо.
4-октябрдагы парламенттик шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышкан бардык 16 партиянын төккөн күрөөсүн толугу менен кайтарып берет.

БШКнын эсебинде күрөөдө партиялардын 80 миллион сом каражаты бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кабарлады:

«Мурда шайлоо боюнча мыйзамдарда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса күрөөнү кайтарып берүү тууралуу нускамалар жок болчу. Жогорку Кеңеш бул багытта мыйзамдарга толуктоо киргизип, 27-январдагы отурумда биринчи окууда кабыл алынды. Эми кийинки окууларда кабыл алынса бардык партиялардын күрөөлөрү кайтарылып берилет».

2020-жылдын 4-октябрында болгон шайлоого 16 саясий партия катышкан. 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгына каршы толкундоодон соң анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, Кыргызстанда бийлик алмашкан.

Шайлоого катышкан партиялардын бири «Реформа» 2020-жылдын ноябрь айында күрөөнү кайтарууну талап кылган арыз менен кайрылган.

Кыргызстандын шайлоо жөнүндө мыйзамына ылайык, парламентке барууга ат салышкан партиялар алдын-ала 5 миллион сом күрөөнү БШКга берүүгө тийиш. Азыр иштеп жаткан жобого ылайык шайлоочулардын 7% ашуун добушун алган партияга күрөө кайтарылат. (BCh)

XS
SM
MD
LG