Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Бегижан Ахмедовдун повести «Жылдын мыкты котормо китеби» аталды


Бегижан Ахмедовдун Маркабай Ааматов кыргыз тилине которгон «Дербиш» повести.
Бегижан Ахмедовдун Маркабай Ааматов кыргыз тилине которгон «Дербиш» повести.

Кыргызстандык өзбек улутундагы жазуучу жана изилдөөчү, «Даңк» медалынын ээси Бегижан Ахмедовдун «Дербиш» повестин Жазуучулар союзу менен Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму «2020-жылдын мыкты котормо китеби» деп тааныды. Китепти кыргыз тилине Маркабай Ааматов которгон. Бул тууралуу Жазуучулар бирикмеси билдирди.

«Дербиш» повестинде дин таануу жаатындагы философиялык, социалдык, адеп-ахлактык маселелер камтылган. Өзбек тилинде жазылган чыгарманын түп нускадагы алгачкы бет ачары 2019-жылдын 13-ноябрында Брюссел шаарында өткөн. Кыргызча котормосу «Улуу тоолор» басмаканасында быйыл 3-августта 2000 нуска менен басылып чыккан. Повесть сегиз тилге которулган.

Маркабай Ааматов жана Бегижан Ахмедов.
Маркабай Ааматов жана Бегижан Ахмедов.

Жазуучулар бирикмесинин маалыматына караганда сынакта Бегижан Ахмедовдун «Дербиш» китебинен тышкары Бакытбек Абдыразаковдун «Чоң бакыт», Садырбек Турдубек уулунун «Поэзиант», Жедигер Саалаевдин «Манас рух» поэтикалык китептери да жеңүүчү деп табылды. Проза жанрында жеңүүчү аныкталган жок.

Жазуучулар союзу менен Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму жарыялаган «2020-жылдын мыкты китеби» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар быйыл 21-январда тапшырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG