Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

«Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия» агенттиги «RuPoR» сыйлыгын алды


Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.
Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.

Кыргызстандагы «Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия» PR агенттиги «Санариптик байланыш» багытында «RuPoR» сыйлыгынын баш байгесин утуп алды. Ошондой эле компания «Байланыш жаатындагы билим берүү долбоорлору» номинациясы боюнча үчүнчү орунга татыктуу болду.

Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.

Сыйлык жыл сайын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, командаларга, коомчулук менен байланышты өнүктүрүү жаатындагы адистерге ачык сынактын жыйынтыгы боюнча берилип келет.

Жалпысынан 2020-жылы сыйлыкка 80 долбоор жиберилген. Финалга 52 долбоор чыккан.

«Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия» PR агенттигинин башкы директору Кайрат Телеушевдун айтымында, уюм Орусиянын, Батыш Европанын жана АКШнын тажрыйбасын колдонуп иштейт.

XS
SM
MD
LG