Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды (видео)


Китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи. 2021-жылдын 23-январы.
Китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи. 2021-жылдын 23-январы.

Бүгүн, 23-январда Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы Музыкалык-педагогикалык коллежде китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган төртүнчү республикалык китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана коомдук “Ыйык Ата Журт” жаштар фонду биргеликте “Оку!” долбоорунун алкагында өткөргөн сынак бул жолу онлайн форматта уюштурулду.

Сынакка “Манас” эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты жана “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары” китеп түрмөгүнөн “Малайзия” чыгармасы коюлду. Жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

Катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес. Быйылкы сынакка 2,5 миңдей окурман катышты.

"Манас" жана "Малайзия" китептерин окуу боюнча биринчи орунду жеңип алышкан Исхак Бактыбек уулуна жана Али Аскербековго ар бирине 20 миң сомдон жана бешинчи орунга чейинкилердин баарына акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми бешинчиден онунчуга чейинки орундарды ээлеген окурмандар кызыктыруучу байгелерди алышты.

Китеп окуган жаштар сыйланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00

Сынак мектеп окуучуларынан жана мугалимдеринен тартып жогорку окуу жайларынын студенттеринде, коомдун дээрлик бардык катмарында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чара “Оку!” долбоорунун алкагында төрт жылдан бери республикалык деңгээлде салттуу түрдө уюштурулуп келе жатат. (MJ)

XS
SM
MD
LG