Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:19

Самара Каримова: директорлук кызматтан баш тарттым


Самара Каримова.
Самара Каримова.

Ырчы жана актриса Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлук кызматынан баш тартканын билдирди.

Бул тууралуу ырчы 22-январда социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жазды. Анда директор болуп иштеп, мекемени аз убакта өнүктүрүп-өстүрүү оюна окуу жайдын эмгек жамааты макул болбогондуктан, кызматтан баш тартканын жазган. Жакын арада тиешелүү арызын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бере турганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовдун коштоосунда кайра барганда чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан.

18-январь күнү кечки саат жети-сегиз чамасында Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, кулпуну алмаштырып, иш бөлмөсүнө киргенине «Азаттыктын» кабарчысы күбө болгон.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 19-январда Биринчи май райондук сотунун Каримовага байланышкан чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын кабарлаган.

21-январь күнү Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын директор болушуна каршы пикетке чыкты.

Ырчынын акыркы аракеттери социалдык тармактарда да кызуу талкуу жаратууда. Алардын арасында аны колдоп жана сындап жаткандар да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG