Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

Маданият министрлиги Самара Каримова боюнча сот чечимине каршы апелляциялык арыз жазды


Самара Каримова.
Самара Каримова.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи май райондук сотунун ырчы Самара Каримовага байланышкан чечими боюнча апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 19-январда билдирди.

Маалыматка караганда, министрлик ырчы Самара Каримованы Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директору кызматына кайтаруу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эмес. Ишти караган судья процессуалдык мыйзам бузууларга жол берген деп эсептейт. Каримованы кызматка кайтаруу боюнча ишке тиешеси бар кызматкерлерге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан.

18-январь күнү кечки саат жети-сегиздер чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө киргенине «Азаттыктын» кабарчысы күбө болгон.

Буга чейин Ош шаардык милициясы Каримова мугалимдер жамаатына каршы арыз жазганын билдирген. Арыз Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганы айтылган.

27 жаштагы Самара Каримова 2017-жылы «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын-пикирине кабылган. Ошондон кийин ал кызматтан баш тартканын жарыялаган эле.

Ал учурда анын күйөөсү Асан Мансуров Маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп турган.

Мансуровдун ысымы 2015-жылы «Азаттыкта» жарык көргөн «Саясатташкан сауналар» аттуу иликтөөдө аталган. Мансуров интервьюсунда сауна имараттары апасына таандык экенин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG