Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

2020-жылы Кыргызстанга келген мигранттар казынага 54 млн. сом төккөн


Жалал-Абадда талаада иштеген өзбек аялдар. 2012-жыл, май айы.
Жалал-Абадда талаада иштеген өзбек аялдар. 2012-жыл, май айы.

2020-жылы Кыргызстанга башка мамлекеттен квота менен келип иштеген мигранттар казынага 54 млн. 594 миң сом төктү. Бул тууралуу 18-январда парламент комитетинде Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Замир Мамытов маалымдады. Анын айтымында, 2018-жылы эмгек мигранттарынан казынага 116 млн. 303 миң, 2019-жылы 144 млн. 56 миң сом түшкөн.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 18-январдагы отурумунда «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөр биринчи окууда талкууланды. Демилгечи депутат Исхак Пирматов мыйзам долбоорунун максаты Кыргызстанга убактылуу иштөө үчүн келген коңшу мамлекеттин жарандарынын ишин мыйзамдаштыруу экенин билдирди. Анын айтымында, убактылуу иштөө үчүн келген жарандар патент алып эмгектениши керек.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылды.

Кыргызстан жылына 13 миңге жакын чет элдик жаранга өлкө ичинде иштөөгө квота берсе, анын 85% кытай жарандары колдонушат. Мындан сырткары коңшу Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары курулушка, талаа жумуштарына келип иштеп кетишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG