Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Беларуста жекшембиде оппозициянын жүрүштөрү өттү


Беларуста 17-январда бийликке каршы бир нече шаарда жүрүштөр өттү. Минск, Брест, Гродно жана Гомел шаарларында бир катар сейил бак жана калктуу райондорго чогулгандар Александр Лукашенконун бийликтен кетишин, буга чейинки демонстрацияларда кармалгандарды бошотууну жана кыйноого алгандарды жоопко тартууну талап кылышты.

Жапатырмак камакка алуудан качуу максатында беларус оппозициясынын өкүлдөрү жаңы тактикага өтүшкөн: алар шаар чордонунда эмес, шаар четинде ар кыл конуштарда чачкын жүрүштөрдү өткөрүп келишет.

Беларуста былтыр август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери жекшемби сайын акцияларды өткөрүп келет. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенконун утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары жекшемби сайын тынымсыз өтүп жатат. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Жыл этегинде БУУнун эсеби боюнча Беларуста 27 миңден ашык киши кармалганы айтылган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG