Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Бишкек шаардык соту ооган жаранынын иши боюнча апелляциялык арызды карады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 14-январда Бишкек шаардык соту ооган жараны Камран Шенвариге чыгарылган Октябрь райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арызды карады. Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү териштирүүдө иш боюнча күбө өтүп жаткан журналист суралды. Кийинки жараян 27-январда болот.

14-январда шаардык соттун жанында айыпталуучунун жакындары митингге чыгып, анын күнөөсүз соттолгонун билдиришти. Өзүн Шенваринин жубайы катары тааныштырган Линара Мазунова сот чечимин мыйзамсыз деп баалады:

«Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Сот күйөөмдү фейк аккаунт тарабынан жазылган комментарий үчүн беш жылга кести. Биз буга каршыбыз».

Ооганстандын жараны Камран Шенварини Бишкектин Октябрь райондук соту Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу») боюнча айыптап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал «Фейсбуктагы» баракчасында экстремизмге чакырган комментарийи үчүн айыпталганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG