Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы шайлоону тааныйт


Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар мисссиясы басма сөз жыйынында. Чоң экранда миссиянын жетекчиси Владимир Норов. 11-январь, 2021-жыл.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар мисссиясы басма сөз жыйынында. Чоң экранда миссиянын жетекчиси Владимир Норов. 11-январь, 2021-жыл.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өттү деп тааный турганын миссиянын жетекчиси Владимир Норов бүгүн, 11-январда басма сөз жыйынында билдирди:

«ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга даярдык учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Добуш берүү өнөктүгү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү эсептейт».

ШКУнун өкүлү байкоочулар миссиясы тарабынан мыйзам бузуу катталбаганын кошумчалады. Миссиянын башка мүчөлөрү да жетекчисинин сөзүн кубатташты.

10-январдагы Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү өкмөттк уюмдардан миңден ашуун байкоочу көз салды.

1,5 миңден ашуун шайлоо участогуна байкоочу койгон kloop.kg уюму 10-январдагы шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун маалымдаган.

«Эл аралык толеранттуулук фонду» Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусунда 15 аймактык шайлоо комиссиясында байкоо жүргүздү. Фонддун байкоочулары 25 олуттуу мыйзамсыздык фактыларын каттап, тиешелүү акт түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жиберген.

10-январда Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдуму болуп өттү. Президенттикке 17 талапкер катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда талапкерлердин ичинен Садыр Жапаров 79% ашуун добуш менен атаандаштарынан кыйла алдыда.

Баштапкы маалыматка ылайык, ал эми референдумга добуш бергендердин 80,97% президенттик башкаруу формасын, 10,95% парламенттик башкаруу формасын колдогон. 4,45% экөөнө тең каршы болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG