Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыга баштады


Баткендеги шайлоо тилкелеринен тартылган сүрөт.
Баткендеги шайлоо тилкелеринен тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы эсепке ылайык, Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда.

Электрондук үкөктүн автоматтык эсептөөсүнө ылайык саат 20:15теги маалыматка караганда аны шайлоочулардын 75% көбүрөөгү колдоду. Андан кийин Адахан Мадумаров 6,35%) менен Бабыржан Төлбаев (2,03%) келатат .

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда «президенттик башкарууну» колдогондор көп - 80% тегерегинде.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Добуштар кол менен да эсептелет.

Президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы деген варианттар коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG