Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

COVID-19: АКШда бир күндө 4000дей киши көз жумду


Техастагы ооруканада коронавирустан көз жумган бейтаптын сөөгү. 6-январь, 2020-жыл. АКШ.
Техастагы ооруканада коронавирустан көз жумган бейтаптын сөөгү. 6-январь, 2020-жыл. АКШ.

Кошмо Штаттарда бир күндө коронавирустан төрт миңдей киши көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус бир күндө 250 миң адамдан табылды. Адистер жаңы жылдык майрамдардан кийин ооругандар көбөйүшү мүмкүн экенин боолголоп жатышкан.

Баарынан катуу жабыркаган штаттардын сап башында Калифорния турат. 7-январда бул штатта коронавирус 500дөн көп кишинин өмүрүн алды.

АКШдан кийинки орунда мурдагыдай эле Мексика менен Бразилия жайгашкан. Мексикада соңку бир күндө COVID-19 13 миңден ашуун адамдан аныкталды. Бул өлкөдө бир күндө инфекциядан миңден көп киши көз жумду.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус дүйнөдө 1,9 миллион адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG