Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:13

Бекматов дебатка катышпаган талапкерге байланыштуу эскертүүнүн чоо-жайын түшүндүрдү


Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттик кызматка талапкерлердин 6-январдагы теледебатында айтылган эскертүүнүн чоо-жайын түшүндүрдү.

«Буга чейин оозеки айтып жүргөнбүз. КТРК жана башка акысыз эфир убактысын берип жаткан тараптар аны эске албай жаткандыктан, кат жөнөтүп эскертүү катары айттык. Мыйзамдын нормасын түшүндүрдүк»,- деди Бекматов.

Ал дебаттын экинчи айлампасында ушундай эскертүү берүүнү БШКнын жетекчилиги чечкен соң билдирүү жөнөтүлгөнүн кошумчалады. «Эмне үчүн төрайым эмес, анын орун басары кол койгон?» деген суроого: «Мен деле жетекчилердин биримин», - деп жооп берди.

Теледебаттардын 6-январдагы чыгарылышына алты талапкер чыкмак. Саясатчы Садыр Жапаров ага катышкан жок. Алып баруучулар ал шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндүктөн келе албай калганын билдиришти.

Андан кийин журналисттер БШКнын төрайымынын орун басары Бекматовдун колу коюлган кат келгенин айтып, таймашка чыккандар башка талапкерлердин атына карата терс пикир сүйлөбөшү керек экенин эскертишти. Алар муну «Президентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын» эрежелери менен негиздешти. Талапкерлер Адахан Мадумаров менен Курсан Асанов дебаттын биринчи айлампасында нааразылык билдирип, дебаттын эрежесине мындай чектөө болбогонун айтышты.

Бул окуядан кийин социалдык түйүндөрдө бул жолку дебаттын уюштуруучуларына сын-пикир көбөйдү. (SE)

XS
SM
MD
LG