Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Шайлоочулардын суроолоруна жооп берчү кызматкерлер жана техникалык жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатат


10-январдагы президенттик шайлоо жана референдум күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын 420 кызматкери жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 6200 комплект техникалык жабдуу иштейт.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, декабрь айынан бери «119 Call борборуна» тизмеден өзүн такташ үчүн 20 миңге жакын, жыл жаңыргандан бери 12 527 адам чалган. Анын 10 миңден ашууну өзүнүн аты-жөнүн тактоо максатын көздөгөн. Учурда «119 Call болбору» дем алышсыз жана майрамсыз иштеп жатат. Бул кызмат 9-10-январда да жарандардан телефон аркылуу маалыматтарды кабыл алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын 120 кызматкери идентификациялоочу жабдыктарды орнотуп жатат. Ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын 420 кызматкери аймактардагы бөлүмдөрүндө иштейт.

10-январда Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болот. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG