Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Сүттүн сапатын милдеттүү түрдө текшерүү сунушталды


Базардагы сүт азыктары. Иллюстрациялык сүрөт.
Базардагы сүт азыктары. Иллюстрациялык сүрөт.

Сүттүн сапатын милдеттүү түрдө текшерүүнү Ветеринария жана фитосанитардык инспекция сунуш кылып жатат. Мекеменин ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Мира Искембаева бул тууралуу 5-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, ишкерликти текшерүүгө мораторий киргизилгенден бери сүттүн сапатын текшерүү да азайган.

«Бүгүнкү күнү биз арыз боюнча гана тиешелүү бир дарекке барып, текшерүүгө укугубуз бар. Негизи эрежеге ылайык, жок дегенде квартал сайын чийки сүттү текшерип туруш керек», - деди Искембаева.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Бишкектин дүкөндөрүндө сатылган сүттүн курамынан антибиотик табылганы кабарланган.

Сүттү кайра иштетүүчү ишканалар сүттү кабыл алууда жакшылап текшерүүдөн өткөрүлөрүн айтып келишет.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин соцтармакта жарыялаган маалыматына ылайык, 2020-жылдын он айында Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйгөн. Бул аралыкта 1 млн. 444,5 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул 2019-жылкы көрсөткүчкө караганда 33 миң тоннага көп. Токтогазиев сүт Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында көп өндүрүлгөнүн белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG