Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:46

COVID-19: Адам өлүмү катталган жок


Жарандын дене табын текшерип жаткан адис. Бишкек. 2020-жыл. Архив.
Жарандын дене табын текшерип жаткан адис. Бишкек. 2020-жыл. Архив.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 5-январга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада бул вирустан көз жумгандар катталган жок.

124 адамга илдет жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары (59) жана Чүй облусу (51) боюнча кала берүүдө. Ысык-Көл облусунда - 11, Талас облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 адам коронавирус жугузганы аныкталды.

Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында ооруга чалдыккандар катталган жок.

Ушуну менен коронавирус алгач катталган март айынан бери Кыргызстанда 81 512 адам бул ооруга чалдыкты.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 227 адам сакайып чыкты. Жалпы айыккандардын саны - 76 955 адам. Илдеттен жалпы 1360 киши көз жумган.

Ушул тапта 888 бейтап ооруканада дарыланууда. Дарыгерлер 15 адамдын абалы канааттандырарлык, 585 киши орто оордукта, 241 адамдын абалы оор, 47 кишинин абалы өтө оор деп баалашууда.

COVID-19 илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптаган. Америкадагы Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 2021-жылга карата дүйнөдө коронавирусту дээрлик 83,5 млн. киши жугузуп, 1,9 млн. чукул киши өмүрү менен кош айтышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG