Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Коронавирустун жаңы штаммы Түркияда да катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда да катталды.

Бул тууралуу 1-январда өлкөнүн салматтык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлады.

Жаңы штамм Британиядан Түркияга учуп келген 15 жарандан табылган. Министр Кожа бейтаптар үй-бүлөсү менен Газиантеп жана Балыкесир аймактарында обсервацияга алынганын билдирди.

Ал эми Түркиянын Транспорт министрлиги 1-январдан баштап Британия менен аба каттамдарын токтотконун кабарлады.

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Британияда аныкталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, жаңы штамм буга чейинки коронавирустун түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат. Бирок бейтаптардын өмүрү үчүн мурдагыга салыштырмалуу анын кооптуу экени жөнүндө маалыматтар тактала элек. (ElB)

XS
SM
MD
LG