Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:52

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүнү убактылуу токтотуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде ишке ашырылып жаткан долбоорлорду текшерүүнү убактылуу токтото турууну сунуш кылды. Укук тартибин коргоочу органдардын да, ошол долбоорду ишке ашыруучу мамлекеттик өнөктөштөрдүн да текшерүүсүнө убактылуу мораторий жарыялоо боюнча өкмөттүк токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мындай сунушка эми гана ишке ашырыла баштаган үч, анын ичинде гемодиализ боюнча долбоорго байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөнү себеп экени, мындай мамиле жеке өнөктөштөрдү алыстатары айтылды.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – мамлекеттин социалдык жактан маанилүү долбоорду жеке ишкана-компаниялар менен чогуу жүзөгө ашыруу механизми.

Экономика министрлиги билдиргендей, азыр Кыргызстанда мындай ыкма менен саламаттык сактоо, транспорт, билим берүү, спорт, маданият жана туризм тармактарында 28 долбоор ишке ашырылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG