Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:16

Өкмөт: 8-январь дем алыш күн болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда келерки жылдын 3-майындагы дем алыш күн 8-январга которулду. Бул тууралуу 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тийиштүү буйрукка кол койду.

Ошентип, январдын 7синен 10уна чейин дем алыш болот. 7-январь Рождество майрамы, 9-10-январь ишемби жана жекшемби күндөрү.

Буга чейин Жаңы жылды майрамдоодо жумуш күндөрү которулбай турганы, 8-январь иш күнү бойдон калары айтылган.

Бирок кийин 10-январда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга байланыштуу шайлоочулар катталган жерине барып добуш берүүсүнө шарт түзүш үчүн 8-январды да дем алыш деп жарыялоо керек экендиги белгиленген.

1-январь – Жаңы жыл майрамы. Андан кийинки эки күн – 2-3-январь ишемби жана жекшемби. Январдын төртүнөн алтысына чейин жумуш күнү болот. (RK)

XS
SM
MD
LG