Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

Лукашенко ОМОНдун катарына кабыл алынганы кабарланды


Александр Лукашенко 22-майда, 2020-жыл.
Александр Лукашенко 22-майда, 2020-жыл.

Беларуста Александр Лукашенко символикалуу түрдө милициянын атайын багыттагы отрядынын (ОМОН) катарына кабыл алынды. Ага ыкчам отряддын мыктыларына берилчү кара берет (баш кийим) тапшырылды. Аны Минск ОМОНунун командари Дмитрий Балаба тапшырды.

Лукашенко өзгөчө беретти алыш үчүн атайын сынак тапшырбаганын айтканы менен милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Беларуста быйыл августтагы президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой жатат. Акцияга чыккандар өлкөдө калыс шайлоо өткөрүүнү, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып келет. Демонстранттарга каршы милициянын ыкчам бөлүгү тартылып, миңдеген адамдар күч менен кармалды.

Буга чейин Александр Лукашенко 22-майда резиденциясын кайтарган ОМОН кызматкерлерине куралчан чыгып, «аягына чейин турабыз» деген тасма абдан талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG