Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

COVID-19: Бир адам каза болуп, 189 жаңы учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска кабылган 189 адам жаңыдан катталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (68) жана Чүй облусунда (63). Ысык-Көл облусунда 24 адам, Ош облусунда 13, Жалал-Абад облусунда 10, Баткенде 8, Нарын менен Таласта үчтөн адам ооруга кабылганы лабораториялык иликтөөлөрдө тастыкталды. Ушуну менен марттан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 80 843 адамга жетти.

Акыркы суткада оорудан 290 адам сакайып чыкты. Коронавирус илдетин жеңгендердин жалпы саны - 75 624 адам. Илдеттен 1354 адам көз жумду.

Ушул тапта бейтапканаларда 1165 адам дарыланып жатат. Анын ичинен 14 кишинин абалы канааттандырарлык. 783 адам орто оордукта, 313 адам оор абалда жана 55 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Вирусту аныктаган тест тапшырбай, өз алдынча дарылангандарды кошкондо илдетке чалдыккандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн экенин айрым дарыгерлер айтып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG